Бүгүн, 4-октябрдан баштап Ош шаарында мектеп окуучулары үчүн атайын акысыз автобустар каттамга чыкты. Бул туурасында мэриянын маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов өз баракчасына видео менен бөлүшүп, SUPER.KG порталына маалымат берди.
"Бул автобустарга башка жүргүнчүлөр түшүрүлбөйт. Бир гана окуучулар үчүн көрсөтүлгөн багыттар боюнча каттайт. Эртең менен, түштө жана кечинде атайын окуучулардын мектеп убактысы башталган жана аяктаган учурда каттап, ортодо тыныгуу болот. Бул мэрдин жеке тапшырмасы менен аткарылып, окуучулар үчүн көрсөтүлгөн камкордук", - деп белгиледи.
Ал эми видеодо шаардын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев окуучулар менен баарлашып, автобустун ичин таза кармоого үндөп жатканын байкоого болот.
Айта кетсек, окуучуларды акысыз ташыган автобустар 3 багыт боюнча каттамдарды жүргүзөт. Балдар үчүн жалпы 6 автобус кызмат көрсөтөт.
№1 мектептик автобустук каттамы ➨ Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев көчөлөрү аркылуу түз – И.Раззаков – У.Салиева (облустук оорукананын жолу менен) түз – С. Касымбеков көчөсүнө чыгып кайра У.Салиева көчөсү аркылуу келген кыймыл чиймеси боюнча артка кайтат.
№2 мектептик автобустук каттамы ➨ Тээке айылы (Ош-Араван автоунаа жолу) - Кеңеш айылы борбору – Көкүмбий (Барсбек айланпа) – Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайы) – В.Ленин көчөлөрүнөн жүрүп Төлөйкөн айылындагы Г.Айтиев мектебинен кайтат. (Ипподром)
№3 мектептик автобустук каттамы ➨ ДЭУ-21 - А.Мамыров көчөсү (Волчья яма) – Ак-Тилек кичи району - Б.Осмонов – Р.Абдыкадыров (Черемушки) – Ш.Руставелли – Г.Айтиев – Курманжан датка – Джиннах (Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайга чейин).