Тапкан мүлкү айлыгы менен дал келбейт... Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы менен дарыгери кармалды (видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы жана дарыгери кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар бейтаптардан акча каражаттарын системалуу түрдө алуу менен коррупция схемасын түзүп алышкан деген негизде кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Атайын кызмат мекеменин жетекчисинин жана анын жакын туугандарынын 2 миллион доллардан ашык мүлкү бар экенин тактап, анын алган айлыгы менен дал келбейт деген тыянак чыгарган. Анткени анын жылдык маянасы 400 миң сомду түзөт.

УКМК учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады.

04.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан