Жылдын мыкты мугалими аныкталды 

Бишкекте өтүп жаткан "Жылдын мыкты мугалими" кароо-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган республикалык сынактын баш байгесин ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова жеңип алган.

Ал эми конкурстун жыйынтыгы менен төмөндөгү катышуучулар мыкты аталган:

Мыкты башталгыч класстардын мугалими - Гүлнур Балтабаева,

Мыкты кыргыз тили жана адабияты мугалими – Атыркүл Рыскелдиева,

Мыкты орус тили жана адабияты мугалими – Алмаз кызы Мээрим,

Мыкты математика мугалими – Бүбүайша Жумукова,

Мыкты тарых мугалими – Азирет Заидов,

Мыкты чет тил мугалими – Чолпон Калтаева,

Мыкты география мугалими – Нуристан Марат уулу,

Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы боюнча мыкты мугалими – Сайрагүл Көчкөнбаева,

Мыкты көркөм-сүрөт искусствосу мугалими – Мирзат Байдалиев.

Белгилей кетсек, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн. Ошондой эле буга чейин биринчи орунду алган мугалимге Бишкектен батир белекке берилери айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан