Орусиядагы мобилизация учурунда Кыргызстанга келген орусиялык блогер Владимир Емельянов (sailord77) мекенине кайтты. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына видео жүктөп, пост жазды.
Анда блогер Кыргызстандан эмнеден улам кеткенин билдирген.
"Мага башында атактуулук жагып баштаган, бирок жарым жылдан кийин көчөдөн тааныбаган адамдар колумдан кармап, отурган столума келе башташты. Бул мага жана үй-бүлөмө ыңгайсыз болду. Агрессивдүү адамдар да көп болду. Кыйкырып, колдору менен бир нерселерди көрсөтүп башташты.
Кышында смог. Элдер таштандыны ар кайсы жерге таштай беришет. Экологияга такыр көңүл бурушпайт", - деген ал.
Ошондой эле орусиялык блогер акыркы учурда ага карата коркутуулар, кол салуулар боло баштаганын айткан.
"Диний фанаттар менин үстүмдөн милицияга арыз жазышыптыр. Кыргызстандагы жашоо тууралуу тарткан менин тасмаларым аларды кемсинтүүгө алып келет экен. Эгер аларга менин тарткан видеолорум жакпаса, эмнеге көрүшөт? Мен аларды кара тизмеге салганга аракет кылдым, бирок алар көп эле. Мага улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогусу келишти. Бирок менден эч кандай кылмыш табылган жок. Кийин диний фанаттар коркутуп-үркүтүүгө жана кол салууга өтүштү. Мындай окуялардан кийин өзүмө жана үй-бүлөмө коркунуч келтирбеш үчүн өлкөдөн кетүүнү чечтим", - деп жазган блогер.