Баткен районуна караштуу Боз-Адыр айылындагы 150 турак үй сел кооптуулугунан коргоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, учурда Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынынын Боз-Адыр айылында сел кооптуулугун алдын алуу иштери жүрүүдө.
"Айылдын түндүк тарабындагы Камыш-Кол участкасында 350 метр аралыкта сел тосмосу курулуп, ӨКМден бөлүнгөн экскаватордун жардамы менен 150 турак үй, 4700 метр ички чарбалык жол, ФАП жана айыл өкмөтүнүн имараты сел кооптуулугунан коргоого алынды.
Белгилей кетсек, ӨКМ тарабынан жыл сайын Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеми бекитилип, ага ылайык аймактарда сел кооптуулугун алдын алуу чаралары жүргүзүлүп турат.