Бишкекте 11-класстын окуучусу Лексус унаасы менен бала бакчанын тосмосун сүзүп, 10 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.
Кырсык бүгүн, 4-октябрда Арча-Бешик жаңы конушунда болгон.
Маалым болгондой, 2008-жылы туулган айдоочу О.А. Эр-Тайлак көчөсүндө атасынын Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасын уруксатсыз айдап, жеке менчик бала бакчанын тосмосун сүзгөн. Натыйжада 10 жаштагы жаш өспүрүм ошол жерден каза болгон.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.