Баткенде бажы кызматкерлери Раззаков-Ош унаа жолунда алюминий электр зымдарын мыйзамсыз алып өтүү аракетин аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер Д.у.Ы аттуу жаран башкарып бара жаткан Опел-Астра үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын багажынан Тажикстанда чыгарылган А-35 үлгүсүндөгү 8 боо алюминий электр зымдары табылган. Бирок жүктүн керектүү документтери болгон эмес.
Жүк ЕАЭБдин бажы аймагынан мыйзамдуу өткөн-өтпөгөнүн аныктоо үчүн убактылуу кармалып, “Кайырма+Дума” ишканасынын бажы көзөмөл аймагына киргизилген. Кармалган жүктүн алдын ала баасы 264 миң сомду түзөт.
Чогултулган маалыматтар териштирүү үчүн Баткендеги бажы тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.