Балыкчы шаарынын мурдагы "смотрящийи" Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда УКМКдан билдиришти.
Ага ылайык, УКМКнын ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө аталган С.С. өзүнүн иш-аракеттеринин зыяндуулугун толук түшүнүп, криминалдык топторго катышуудан, ошондой эле өзүнүн статусунан жана уурулук идеясынан баш тартты.
"С.С. мыйзамдарды сактоого жана ак ниеттүү жаран катары жашоого милдеттенет, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатын толугу менен колдойт", - деп айтылат маалыматта.