Бүгүн, 5-октябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун Талант Иманакун уулу тиешелүү жетекчилер менен биргеликте туристтик зоналарды иретке келтирүү үчүн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Ага ылайык, аталган аймактарда жайгашкан соода сатык объекттер дизайн код боюнча иреттөө иштери орун алууда.
Мамлекеттик курулуш тарабынан Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Арстанбап айылынын борбордук базардын ортосунан Арстанбап дарыясы өтөт. Сел коркунучун алдын алуу үчүн, анын үстүнөн Бишкек-Ош унаа өтүүчү көпүрөсүнүн оң жана сол тарабындагы башаламан мыйзамсыз жайгашкан курулуштар буздурулууда.
Тиешелүү жетекчилер буздурулган курулуштар коопсуз жерлерге жылдырыларын айтышты. .