8-октябрда Бишкекте таза суу саат 9:00 - 00:00 чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ичүүчү суу турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде токтотулат.
Таза суу төмөнкү көчөлөрдө өчүрүлөт:
Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Омур, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, "Жумушчу шаарчасы", "Институт Землиделия", "Ак-Өргө", "Ак-Ордо" конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана "Теңир-Тоо" конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).
"Ичүүчү сууну өчүрүү "Гагарин" жана "Түштүк-Батыш" суутоптоморунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.