Бүгүн, 6-октябрда Казакстандын Астана калаасында атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча референдум өтүп жатат.
Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00дө башталган. Учурда референдум тилкелеринде жарандар добуш берип жатат. Ага жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар көз салууда.
Казакстан БШКсынын маалыматы боюнча жалпы 10 323 референдум тилкеси ачылган. Анын ичинде 59 өлкөдө 74ү жайгашкан. Добуш берүүчүлөрдүн саны 12 миллион 244 миң 683тү түзөт.
Белгилей кетсек, республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү 27-августта жактырган. Тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Референдумга "Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлат. Бюллетенде жооптун эки варианты болот: "Ооба, макулмун" же "Жок, каршымын" деген.