Казакстанда атомдук электр станциясынын курулушуна байланыштуу референдумда добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 20:00гө карата тизмеге кирген жарандардын 63,87 пайызы (7 820 918) добуш беришти. Добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 12 миллион 244 миң 683тү түзөт.
Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко билдиргендей, референдумду 200дөн ашуун чет элдик журналисттер чагылдырууда.
Эске салсак, республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү ушул жылдын 27-августунда жактырган. Тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Референдумга "Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлду. Референдум бүгүн, 6-октябрда саат 7:00дө башталган.