Ошто ички иштер органдарынын кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы курулган бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу кечээ, 6-октябрда ИИМден билдирди.
Ага ички иштер министри милициянын Улан Ниязбеков, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жана башка тиешелүү жетекчилер, кызметкерлер катышты.
Маалыматка ылайык, Улан Ниязбеков бул бала-бакча милиция кызматкерлеринин социалдык муктаждыктарынын бирин чечүү максатында курулганын билдирди.
"Бала-бакчабыз балдарыбыз үчүн ааламга жол ачкан билим уясы болушуна тилектешмин", - деп баса белгиледи ИИМ башчысы.