Садыр Жапаров авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы өз куттуктоосунда авиация тармагы экономикалык, маданий жана социалдык жактан маанилүү ролду ойной турганын айткан.

"Кыргызстандын тоолуу жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин эске алганыбызда жарандык авиация өлкөбүздүн ички аймактары жана башка мамлекеттер менен карым-катнаш жүргүзүүдө өтө маанилүү тармак экени маалым.

Мына ушундай маанилүү тармактын кызматкерлери кыргыз авиациясынын эл аралык коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп бериши үчүн болгон күч-аракеттерин жумшап келишти. Ушул жылдын август айында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча аудитинен ийгиликтүү өткөндүгү кубанычтуу кабар болду. Бул Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет деген сөз.

Ошону менен катар өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында бүгүнкү күндө "Манас" эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен "Кербен", "Каракол", "Талас", "Нарын" жана "Казарман" аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда", - деген Садыр Жапаров куттуктоосунда.

Ошондой эле Жапаров жаңы эл аралык "Жалал-Абад" аэропортун куруу маселеси иштелип жатаканын билдирди.

"Соңку жылдары жаңы багыттар ачылып, Кувейт, Түштүк Корея, Азербайжан, Сауд Арабиясы менен аба каттамдары жолго коюлду. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн агымы барган сайын артып барат. Бул дагы өлкөбүздүн эл аралык кызматташтыгын бекемдөөнүн үстүндө иштер кызуу жүрүп жаткандыгын күбөлөйт. Ушу тапта "Манас" эл аралык аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкендигин сыймыктануу менен белгилейм. Эгер 2019-жылы "Манас" эл аралык аэропортунун таза кирешеси 2 миллиард 108 миллион сомду түзсө, 2023-жылы таза кирешеси 6 миллиард сомго жетип, өсүү темпи 52 пайызды түздү.

Өлкөнүн авиация тармагындагы мындай ийгиликтүү кадамдар бара-бара элибиздин бакубат турмушу үчүн мындан да ыңгайлуу шарттарды түзөт деп бекем ишенем", - дейт Жапаров.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан