Өзгөн районунда 28 жаштагы келин кошунасынын колунан каза тапты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 7-октябрда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыктады.
Маалыматка ылайык, окуя 4-октябрь күнү Төрт-Көл айыл аймагында болгон. Ал күнү милицияга 28 жаштагы аялды өзүнүн үйүндөгү короосунда кошунасы балта менен чаап өлтүрүп койгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, маалыматты тактоо үчүн жерине милиция кызматкерлери барган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
"Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык, соттук-химиялык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбөлөр суракка алынган. Шектүү катары Өзгөн районунун 24 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.