"Баарын алгыла". Даниел Ажиевдин апасы Садыр Жапаровго кайрылды

Даниел Ажиевдин апасы Сайкал Ажиева камактагы уулунун 2 миллион долларга бааланган мүлкү конфискацияланганын айтып, социалдык тармак аркылуу президент Садыр Жапаровдон жардам сурап кайрылды.

Ал уулунун жубайы 3 баласы менен эч нерсеси жок калганын белгиледи.

"Баламдын 3 батири, 2 жер тамы, 4 унаасы өкмөткө конфискацияланды. Жалпы мал-мүлкү 2 миллион долларга барабар. Баламдын эч кандай мүлкүн калтырбастан түп тамыры менен конфискация кылды. Баламдын келинчеги, кичинекей үч баласы бар. Улуусунун майыптыгы бар. Эч нерсеси калган жок. Мейли, баарын конфискация кылгыла, баарын алгыла. Жок дегенде өздөрү жашаган батирди калтырышса болмок. Менин батирим дагы конфискация болгон. Балам түрмөдө отурса, келиним 3 баласы, оорулуу баласы менен бара турган жери жок", - деди ал.

Эске салсак, Даниел Ажиев былтыр 5-июнда көп сандагы вебкам-студияларды уюштурган деген негизде кармалган. Ал БАЭге качып кетүү үчүн Өзбекстанга барганда колго түшүп, Кыргызстанга өткөрүлгөн. Ажиев быйыл 31-июлда күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркиндигинен ажыратылганын 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдирген. Ошондой эле ал 2 жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан