Акылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI коддорун каттоо боюнча кеңешме өттү

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI коддорун Мамлекеттик идентификациялоо системасында каттоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын, анын ичинде Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилери катышты.

Анда жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана катталбаган IMEI коддору бар телефондорду мыйзамсыз ташып келүү жана сатуу менен күрөшүү үчүн уюлдук телефондордун IMEI коддорун каттоонун маанилүүлүгү айтылган.

Ошондой эле Жапаров көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан