Ош облусунун Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан медреседеги 14 жаштагы баланын өлүмү боюнча муфтият тарабынан окуянын чоо-жайын тактоочу жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдагандай, окуя 6-октябрь күнү түндө болгон. Учурда атайын жумушчу топ иш алып барууда.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон өспүрүм медресеге дем салдырууга келген. Ал эми шектүү өспүрүм ал жакта окуйт. Бул боюнча түрдүү маалыматтар чыгып жатат. Андыктан жумушчу топтун жыйынтыгы чыкканда толук маалымат беребиз", - деп билдиришти.
Буга чейин аталган диний окуу жайда 16 жаштагы өспүрүм 14 жаштагы баланы бычак менен сайып салганы, жабырлануучу аймактык ооруканага жетпей каза болгону маалым болгон.