
Ош шаарында газ берүү бир күнгө токтотулат. Бул туурасында бүгүн, 7-октябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, эртең 8-октябрда саат 09:00дөн тартып, 9-октябрь саат 10:00гө чейин убактылуу газ берүү токтотулат.
"Өзбекстандын АК "Узтрансгаз" ишканасы "Ходжабад-Ош" магистралдык газ түтүктөрүнө пландуу оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөт", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.