Башкы прокуратура "Тазалыктын" кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ишкананын айрым кызматкерлерине иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Текшерүүдө 134 тоннадан ашык жалпы суммасы 7 миллион 179 миң 498 сомдук күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз түрдө берүү менен бюджеттик каражатты коротуп жиберген фактысы аныкталган.

"Такталгандай, “Тазалыктын” жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы туруп, мыйзамдын талаптарын одоно түрдө бузуп, 2022-2024-жылдарда мыйзамсыз буйруктарды чыгарып, ишкананын айрым кызматчылары менен жеке автоунааларын кызматтык максатта пайдалануу жөнүндө формалдуу келишимдерди түзүп алышып, күйүүчү-майлоочу майларды өздөрүнүн жана башка кызматчылардын жеке кызыкчылыктарына колдонуп келишкен", - деп билдиришти прокуратурадан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан