Социалдык тармактарда борбордук "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик туу айрылганы тууралуу маалымат тарап, кызуу талкуу жараткан.
Бүгүн, 7-октябрда окуя болгон жерге мэрдин орун басары Рамиз Алиев жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору барып, желек бүтүн экени айтылды.
"Социалдык тармактарда текшерилбеген маалыматтарды таратуу учурлары көбөйүп жатат. Маселен, 2-январда жалпыга маалымдоо каражаттарында "Ала-Тоо" аянтында жаңы желек орнотулду. Анда 40 нурдун ордуна 39 нур бар" деген маалымат пайда болгон. Билдирүү тастыкталган жок жана расмий органдар төгүндөгөн", - деп билдирди мэрия.
Ошондой эле калаа мэриясы коомчулукту адаштырбоого жана туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырды.