Уралда боз үй шаарчасы ачылды

Екатеринбург агломерациясына кирген Орусиянын Свердлов облусунун Сысерт шаарында этномаданий боз үй шаарчасы ачылды. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, долбоор туризм тармагындагы кыргыз-орус аймактар аралык жана муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында «Белая Лошадь» ат клубу жана кыргызстандык «Инфо Сервис Компани» туристтик компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылды.

Иш-чарага Свердлов облусунун мамлекеттик органдарынын жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, Уралдын борборундагы дипломатиялык корпустар, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу, кыргыз диаспора уюмдарынын лидерлери жана эмгектенип жатышкан мекендештер катышкан.

Башкы консул Максат Тентимишов өз куттуктоо сөзүндө Орусяида боз үй шаарчасынын аналогу жок экендигин айтып, Урал федералдык округунда гана биринчи жолу ишке ашырылып жататкандыгын кошумчалаган.

Белгиленгендей, шаарчада 10 боз үй тигилип, алар туристтер үчүн жыл бою ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттар менен жабдылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан