Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургуну мал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 54 жаштагы жаран кошунасынын уюн торпогу менен уурдап чыгып, Кара-Жыгач мал базарында 95 миң сомго сатып жаткан жеринен кармалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делип кармалган Кара-Суу айылынын 54 жаштагы тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.