Бишкекте коомдук фонддун кураторунун орун басары баңгизат менен кармалды

Бишкекте коомдук фонддун Биринчи май району боюнча кураторунун орун басары баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери шектүү узак убакыт бою баңгизаттарды таратуу менен алектенип келгенин жана Токтогул районунан Чүй облусуна баңгизаттарды ташып келип жүгөнүн аныкташкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү делген 34 жаштагы жаран Бишкек шаарынан кармалган. Анын иштеген кызматы такталып, чөнтөгүнөн 2 ширеңке кутусу табылган. Соттук-химиялык экспертиза табылган заттын салмагы 23,81 грамм болгон гашиш баңгизаты экендигин аныктады.

ИИМ учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан