Маселесин телефон чалып чечип койгон айдоочунун видеосу тарады (видео)

Жарандык активист Болот Ибрагимов маселесин бир телефон чалуу аркылуу чечип койгон айдоочунун видеосун жарыялады.

Анын айтымында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы Тойота үлгүсүндөгү унааны терезелерин караңгылатып алганы үчүн токтоткон. Ал эми айдоочунун ал нерсеге уруксаты болгон эмес. Бирок телефон чалуудан улам, айдоочуну көп убакытка кармабай коё беришкен.

"Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы, сураныч, буга эң катуу чараларды көргүлө", - деп билдирүү калтырган Болот Ибрагимов.

Ал эми милиция аталган унаанын айдоочусуна протокол түзүлүп, унаа айып короого киргизилгенин билдирди.

Маселесин телефон чалып чечип койгон айдоочунун видеосу жарыяланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан