14-октябрда Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата облус аймагында 25 объект ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Баткен облусу боюнча төмөнкү оъекттер ачылат:
- Баткен Электр тармактар ишканасынын административдик имараты;
- Баткен шаарындагы 7 кызматтык турак үй;
- Баткен шаарынын борбордук стадионундагы спорт зал, “Жеңиш” эс алуу багындагы рестпоинт
- Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы спорт зал, Мадыген аймагындагы бийиктиктен кароо аянтчасы, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн административдик имараты, Баткен Ак-Татыр айылындагы спорт зал
- Кадамжай районундагы агрохимия лабораториясы, Кадамжай шаарындагы логистикалык борбор, Исхак-Полотхан айыл аймагындагы “Жаш Талимтай” балдар бакчасы, 8 кызматтык турак үйлөр, “Улыбка” балдар бакчасы, Ормош айылындагы логистикалык борбор
- Лейлек районунун Бешкент айылындагы “Лайли” орто мектеби, Кулунду айыл аймагындагы “NOVA” мектеби, “Саркент” жаратылыш паркындагы 3 а-фрейм үйлөрү, Максат айылынын административдик имараты, Кара-Суу айылындагы маданий борбор жана тигүү цехи
- Раззаков шаарындагы 5 кызматтык турак үй
- Сүлүктү шаардык электр тармактар ишканасынын административдик имараты, аялдардын сырткы кийимин тигүүчү цех, килем токуучу цех, брекет чыгаруучу ишкана
- Кызыл-Кыя шаарындагы 6 кызматтык турак үй.