Мэрия жол кире акысын 40 сомго көтөрүүнү сунуштады 

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө бааны кымбаттатууну сунуштоодо.

Мэриянын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Сарымсаков жергиликтүү басылмаларга накталай төлөмдү 40 сомго чейин көтөрүү каралып жатканын билдирди.

Анда бир билет менен белгилүү бир убакыттын ичинде бир нече автобуста акысыз жүрө алары айтылган.

Учурда накталай төлөмдөр үчүн жол кирени 40 сомго чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Ал эми накталай эмес төлөм 17 сом бойдон калтырылат.

Мэрия бул элди электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу үчүн жасалып жатканын айтты.

Азырынча бул демилге коомдук талкууга коюлду.

Белгилей кетсек, азыркы тапта накталай төлөм троллейбустар жана кичи автобустар үчүн 20 сомду түзсө, накталай эмес төлөм 17 сомдон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан