Кулиев көчөсүндө 23 жаштагы жаранды бычактаган... Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы адам өлтүрүүгө шектелип 32 жаштагы жаран кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4-октябрь күнү милицияга Кулиев көчөсүндө белгисиз жаран бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматты тактоо үчүн жерине барган милиция кызматкерлери 23 жаштагы жаран бычактан алган жараатынан улам "Тез жардам" унаасында каза болгонун аныкташкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 32 жаштагы жаран кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан