
Салык кызматы январь-сентябрь айларында 211 миллиард 446 миллион 200 миң сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул туурасында бүгүн, 8-октябрда мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, белгиленген план 7,6 миллиард сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,7 миллиард сомго көп чогултулган.
"Жалпы сумманын 157 миллиард 117 миилион 800 миң сомун салыктар жана төлөмдөр, ал эми 54 млрд 328 миллион 400 миң сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түздү. Салыктар жана төлөмдөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард сомго ашыгы менен аткарылды. Камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7 миллиард сомго өстү", - деп белгиленген маалыматта.