Бишкекте эки айдоочунун мушташкан видеосу социалдык колдонуучулардын кызуу талкуусуна түштү (видео)

Бишкекте Бейшеналиева көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жанаша турган эки унаанын айдоочулары мушташа кеткен. Алардын жол ортосундагы пикир келишпестигин башка унаанын айдоочулары видеого тартып алган.

Видео социалдык баракчанын колдонуучуларынын кызуу талкуусуна калды.

Тасмада эки эркек киши мушташып, аларды арачалаганга бир нече адам баргандыгын көрүүгө болот. Алар жол чырактын жашыл күйгөнүнө карабай жол ортосунда мушташып, башка унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткан.

Азырынча бул маалымат боюнча шаардык милиция жана жол кайгуул кызматы маалымат тарата элек.

Бишкекте эки айдоочунун мушташкан видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан