Бишкекте мал союучу жайлардын бири айып пулга жыгылды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Свердлов районундагы Ак-Терек 3 көчөсүндөгү канализациялык коллектордон тыгын пайда болуп, суу сыртка агып чыга баштаган. Анын себеби малдын ичеги-карыны, калдыктар, тиричилик таштандылары жана кийим-кече толуп калгандан улам болгон.
Муниципалдык инспекция, "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы менен бирге тургундардын кайрылуусу боюнча аталган аймакта комиссиялык кароо уюштуруп, мал союучу цехтин кызматкерлеринин таштандыларга туура эмес мамиле жасоосунан улам келип чыккандыгын аныкташкан.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын жумушчулары канализация системасын тазалап, калыбына келтирди.
Эреже бузгандарга карата жеринде акт түзүлүп, Муниципалдык инспекция тарабынан жеке ишкер С.С.га жалпы суммасы 36 миң сомду түзгөн айып протоколу түзүлгөн. Ошондой эле мал союучу цехтин кызматкерлерине мындан ары тартип бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.