Австриянын ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматы департаментинин жетекчиси Раймунд Крендл, укук бузуулардын алдын алуу бюросунун башчысы Бернард Шафрат, укук бузуулардын алдын алуу суроолору боюнча улуттук өкүл Давид Войт, Бишкектеги ИИМдин милициянын генерал-майору Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда болушту. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, башчысынын орун басары Асел Осмонова делегация өкүлдөрүнө Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары компьютердик жана атайын класстар көрсөтүлдү. Ошондой эле демонстративдүү саптык ыкмалар, борбордун ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик тартууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тажрыйба алмашуу максатында ой-пикирлер ортого салынгандыгы маалыматта кошумчаланган.