"Сол чөнтөккө кетип жатат". Бишкектин вице-мэри жол кирени көтөрүү сунушуна нааразы болгондорго жооп берди

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Facebook баракчасы аркылуу мэриянын жол кирени көтөрүү боюнча сунушун сынга алгандарга жооп берди.

Ал жарандарды накталай эмес төлөмгө өтүүгө чакырып, накталай төлөм жүргүзүү айдоочуларга тоскоолдук жаратып жатканын айтты.

"Азыр Тулпар карталары менен жана Улуттук банктын QR аркылуу бардык банктын карталары менен жол кире 17 сом. Ал эми бир айлык карта чоңдор үчүн 1 050 сом балдар үчүн 360 сом. Чектөө жок, каалашынча жүрө алышат. Накталай төлөм менен 20 сом.
Тулпар картасын алгыла да 17 сомдон жүрө бергиле да. Мисалы, бир сааттын ичинде каттам алмаштырсаңыздар дагы ошол эле 17 сом менен жүрсөңүздөр болот дегенди да карап көрсөңүздөр?

Себеби, накталай акча менен төлөгөндө айдоочуга тоскоол болуп, ошону менен бирге сол чөнтөгүнө салым кошуп жатканыбызды моюнга алышыбыз керек. Биз мэрия тараптан канчалык аракет жасап жаткан менен адамдык фактор деген да бар экен. Автобустар талкаланып жатканына күбө болуп жатабыз. Жүргүнчү 1000 сомдук акча берип койсо, айдоочу майдалап 20 сом алып калыш үчүн жолду карабай алаксып кетип жатат. Алар планды аткарып, андан соң чөнтөгүнө да акча салып кетиш үчүн кубалашып айдап жаткандарын көрүп жатасыздар. Мэр өзү барып айдоочулар менен жолугушуп, тартипке чакырып жатат. Биз да аракет кылып, коомдук талкууга чыгарсак ойлору бузук досторубуз маалыматты бурмалап жиберип, ызы-чуу болуп жатып калдык. Биздин төлөмдү карта менен кылып, сол чөнтөккө солонуп кетип жаткан акчаларды мамлекеттин казынасына түшүрөлү деген изги тилегибиз бар. Сөгүп, урушардан мурун талкууга активдүү катышып бериңиздер. Тулпар картаны ар бир айдоочуга да саттырып көрдүк. Алар таап жаткан нанын тарттыргысы келбейт жана карта сатпайт", - деп жазган ал.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө бааны кымбаттатууну сунуштаган. Шаар бийлиги бул калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу үчүн иштелип чыкканын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан