Ноокаттагы окуя: Ош облусундагы диний окуу жайларга камераларды коюу тапшырылды

Ош облусунун Ноокат районундагы медреседе орун алган каргашалуу окуядан кийин облустагы диний окуу жайларга видео байкоолорду коюу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-октябрда Ошто УКМКнын, облустук милициянын жана казыяттын кызматкерлери диний окуу жайлардагы коопсуздукка байланыштуу жыйын өткөрүшкөн. Анда медреселерде ички тартипти, коопсуздукту күчөтүү жана тартипти жөнгө салуу үчүн нөөмөтчү мугалимдерди дайындоо тапшырмалары дагы берилген.

Эске салсак, 6-октябрда Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе 14 жаштагы өспүрүм бычакталып каза болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан