10-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат 

Эртең, 10-октябрда өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй облусутарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20

Нарын жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19

Бишкекте шаарында түнкүсүн +9…+11°, күндүз +25…+27° жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан