Сүйүнчү! Ош шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Ош шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Ага ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургуну 32 жаштагы Чолпон Садирали кызынан кабар алды. Ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын атынан сүйүнчү акчасын берди.
Белгилей кетсек, буга чейин Чолпон Садирали кызы менен жолдошу Азамат Мусаев 2 баланы тарбиялап келишкен.
"Жаңы төрөлгөн ымыркайларга Али, Айлин, Аманда деген ысымдар берилди", - деп айтылат маалыматта.