Билим берүү министрлиги мугалимдерди ноутбук менен камсыздоо үчүн жеке компаниялардан сунуш күтөт 

Өлкөдө 80 миң мектеп мугалими ноутбук менен камсыз болот. Ал “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында пландаштырылып жаткандыгын бүгүн, 9-октябрда билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, ал үчүн министрлик жеке компаниялардан сунуштарды күтөт.

“Ноутбуктарга баалардын мониторингин жүргүзүү үчүн жеткирип берүүчүлөрдөн жана даярдоочу заводдордон жеткирүү мөөнөтүн көрсөтүү менен техникалык спецификацияларга ылайык коммерциялык сунуштарды берүүнү өтүнөбүз. Сунуштар 14-октябрь саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Сунуштар электрондук түрдө edu@mail.gov.kg дарегине жөнөтүлүшү керек”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан