Бишкекте коомдук транспорттордун айдоочуларына жыйын болду

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте коомдук транспорттордун айдоочулары менен жыйын өттү. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чаранын максаты шаардык жүргүнчү ташыган коомдук транспорт каражаттарынын катышуусунда жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу.

Ага улай шаар тургундарына коомдук транспортто коопсуз сервисттик кызмат көргөзүүнү жакшыртуу, коомдук транспорттун кыймылын реалдуу убакытта көзөмөлдөө, айдоочулар арасында жол эрежесин так өздөштүрүүсү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп, пикрилер ортого салынды.

Жыйынга ЖКККББнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Аким уулу, Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Саргашкаев, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров жана айдоочулар курамы катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан