Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков өз каалоосу менен кызматтан кетмей болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Судьялар кеңешинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-октябрда
Судьялар кеңешинин отурумунда Базарбековдун аны Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотуу жана өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыздары каралып, канааттандырылды.
Аны Жогорку соттун төрагасынын кызмат ордунан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш президентке жөнөтүлдү.
Базарбеков 2022-жылы февраль айында Жогорку соттун төрагасына 5 жылдык мөөнөткө дайындалган. Ага чейин Жогорку соттун судьясы кызматын ээлеп келген.