Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгында хирургиялык бөлмө ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, Медициналык башкармалыктын хирургиялык бөлмөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп, санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге ылайык, операция бөлмөсү, операцияга чейинки, стерилдөө жана операциядан кийинки бөлмөлөрдөн турган хирургиялык бөлмөсү ачылды.
Бүгүнкү күндө кызматкерлерге тери кыйыштыруу жана кол тарамышын калыбына келтирүү боюнча эки операция ийгиликтүү жасалды.