Ош шаарында курулуп жаткан имараттан кулап кетип каза болгон 16 жаштагы өспүрүмдүн окуясынан кийин курулуш иштерин жүргүзгөн компаниянын лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 9-октябрда кабыл алынган.
"Ош шаарындагы Шамшиев көчөсү-1 боюнча курулуп жаткан турак үйдүн кызматкеринин өлүмүнө алып келген курулуш учурундагы коопсуздук техникасынын талаптарын бузууларга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан тергөө жүргүзүлүп, "Артвин групп Кейджи" ЖЧК лицензиясынын колдонулушун токтото туруу чечими кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 5-октябрда курулушта иштеп жаткан 16 жаштагы студент 13-кабаттан кулап кетип, каза болгон.