Ички иштер министрлиги бүгүн, 10-октябрда Чолпон-Ата шаарында окуучулардын мушташы тартылган видео боюнча түшүндүрмө берди.
Укук коргоо кызматы билдиргендей, 2- октябрда Чолпон-Атадагы мектептердин биринде окуган 8-класстын 2 окуучусу белгисиз себептерден 12 жаштагы Д.Р. ны мектептин дааратканасында сабап салышкан.
Ошондой эле 9-октябрда ушул эле окуучулар 12 жаштагы Б.Р. бетине уруп, жаракат келтиришкен. Аталган фактылар Ысык-Көл РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Жогорудагы эки факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул мектеп окуучуларына профилактикалык-түшүндүрүү иштери улантылып жатат" деп жазылат маалыматта.