Москвада экстремизм боюнча жатакана тинтилип, 500дөн ашуун мигрант кармалды (видео)

Москванын Новоясеневск проспектисинде жайгашкан жатаканада экстремисттик топту издөө учурунда 538 чет элдик кармалган. Бул тууралуу орус басылмалары Орусиянын Тергөө комитетинин Москвадагы башкармалыгы билдиргендигин жазышууда.

"Экстремисттик топту уюштуруу (Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 282.2-беренеси) боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында жатаканада миграциялык мыйзамдардын бузулушу тууралуу маалымат келип түшкөн", - деп билдирген башкармалыктын басма сөз кызматы.

Кармалган бардык чет элдиктер иммиграция мыйзамдарынын сакталышын жана башка мыйзам бузуулар болушу мүмкүндүгүн текшерүү үчүн полицияга жеткирилди. Ошондой эле жатакананын администраторлору да кармалып, тергөөгө алынган.

10.10.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан