ИИМ аймактык бөлүктөрүнө жаңы унааларды тапшырды

Бүгүн, 10-октябрда Ички иштер министрлигинде аймактык бөлүктөргө кызматтык унааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден бирдирди.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары жана башкалар катышты.

Маалыматка ылайык, Нива үлгүсүндөгү 16 унаа милициянын аймактык бөлүмдөрүнө, ал эми Chevrolet Monza үлгүсүндөгү 7 унаа ИИМдин ЖКККББга, 2 медициналык тез жардам унаасы ИИМдин Ички аскерлерине жана Медициналык башкармалыгына берилип, жалпы 25 унаа тапшырылды.

Министр Ниязбеков белгилегендей, аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту коргоону камсыздоо, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ички иштер органдарынын аймактык бөлүктөрүн материалдык-техникалык ресурстар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан