15-октябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө таза суу оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, таза суу саат 9:00дөн 23:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерде болбойт.
Суу төмөнкү аймактарда токтотулат:
- Алыкулов көчөсү - Кустанай - ЧЧК (Чоң Чүй каналы) - Ала-Арча, Рыскулов проспектиси (Д. Сяопин) – Интергельпо – Темир жол линиясы.
- (Прогородное айылы) Юбилейная көчөсү– Горький көчөсү - Садовая көчөсү (Прогородное айылы) - ЧЧК.
- Аскер шаарчасы, Кызыл-Аскер, 110-квартал, Достук кичирайону.
"Өчүрүү "Батыш" суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.