ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты 

11-12-октябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

Ага ылайык, бул күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасынын төмөндөшү ыктымал.

13-октябрда айрым жерлерде жаан-чачын жаашы күтүлөт.

14-16-октябрь күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Ал эми 16-октябрда абанын температурасы мындан ары төмөндөп:
  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8°, күндүз +7…+12°;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +5…+10°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +6…+11°, күндүз +11…+16°, тоо этектеринде түнкүсүн 0…+5°, күндүз +3…+8°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз +1…+6°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1…+6°, күндүз +6…+11°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…+5°, күндүз +6…+11°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, күндүз +2…+7°, бийик тоолордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан