Дин комиссиясы эл аралык илимий-теориялык конференцияга катышты

Бүгүн, 10-октябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган "Мамлекеттүүлүктүн классикалык теориялары, идеологиялары жана азыркы учур" аталышында эл аралык илимий-теориялык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү, ДИМКнын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун директору Шүкүр Шерматов "Кыргызстандын негиздөөчүлөрү жана мамлекеттүүлүктү калыптандырган салттуу баалуулуктар" деген темада баяндама жасады.

Баяндамада Кыргызстандын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Ишеналы Арабаевдин Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана билим берүү системасына кошкон салымы, ошондой эле жадид усулу тууралуу сөз кылынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан