Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объекттер демонтаждалды

Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон объекттер демонтаждалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардагы Гоголь көчөсүн бойлото Түгөлбай ата көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин туурасы 3 метрлик тротуар курууга тоскоол болгон бир нече объектилерди демонтаждоо иштери аяктады.

Төмөнкү объекттер демонтаждалды:

-15 темир тосмо, жалпы узундугу 276 метр;
-1 тепкич;
-92 чарчы метр аянтты түзгөн 9 чатыр;
-1 контейнер;
-1 шлагбаум.

Мындан тышкары 9-кичирайондогу Саманчин көчөсүн бойлой Байтик баатыр көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейин тротуар куруу иштери башталды. Буга байланыштуу жеңил типтеги объекттер жайгашкан жер тилкелери боюнча бардык ижара келишимдери жокко чыгарылды.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан объектилердин ээлерине 30дан ашык билдирүүлөр жөнөтүлүп, андан кийин 22 жеңил объект өз ыктыяры менен демонтаждалып, 4 объект башкармалык тарабынан алынып, 2 объектинин ээлери демонтаждоо иштерин бүтүрүү үчүн атайын техниканы күтүп жатышат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан