Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 10-октябрда мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине арналган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Президенттин администрациясынын өкүлдөрү, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетекчилиги, ЖОЖдордун ректорлору, профессорлор, окутуучулар, коомдук ишмерлер, жаштар жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Кереге кеңештин негизги максаты – мамлекеттик тилдин позициясын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөөгө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо, ошондой эле аны коомдук турмуштун ар кыл тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү үчүн чечимдерди издөө.
Мамлекеттик катчы кыргыз терминологиясын бир түргө келтирүү жана башка тилден кирген сөздөрдү жана түшүнүктөрдү кыргыз тилине которуу боюнча ишти активдештирүү зарылдыгына басым жасады.
Кеңешменин катышуучулары, кыргыз таануу жаатындагы адистер мамлекеттик тилди мындан ары да өнүктүрүү боюнча демилгелер менен бөлүшүп, окуу жайларда окутуунун сапатын жогорулатуунун, тил даярдоону күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле жаштар арасында тилди жайылтуу жана медиа чөйрөсүндө анын ээлеген ордун бекемдөө маселелери көтөрүлдү.