Ош шаарына транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин (мурдагы "Унаа" мамлекеттик ишканасы) күнү-түнү иштеген бөлүмү ачылды. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, бөлүм Навои көчөсүндө жайгашкан.
Ишкананын директору Улан Карыпбеков бул мамлекеттик кызматтарды модернизациялоо жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жасалган дагы бир кадам экенин белгиледи.
Маалыматта белгиленгендей, жарандар үчүн кассалар 24 саат иштеп, төлөм терминалдары орнотулган. Ошондой эле мобилдик тиркемелер аркылуу же тиркемени толтурууда экранда пайда болгон QR-кодду колдонуп, кызматтар үчүн төлөөгө болот.